Россиянын Ульяновск облусунда катталган жол кырсыгынан соң ооруканага жаткырылган кыргызстандыктардын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу КРнын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жабыркагандардын экөө эркек, бирөө аял киши.
Үчөө тең ооруканада жатышат, учурда алардын абалы оор бойдон калууда. Керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Ал эми каза болгон 14 кыргыз жаранынын сөөгү соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, тиешелүү органдардан уруксат берилгенден кийин Кыргызстанга алынып келет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн