Бугу 17, 2024
Убакыт: 21:54
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Россиядагы элчилик 400 мигрантты 17-майда Кыргызстанга жөнөтөт (видео)

15.05.2020 23:35
983
Россиядагы элчилик 400 мигрантты 17-майда Кыргызстанга жөнөтөт (видео)

 

Кыргызстанга келе албай жаткан Москвадагы кыргыз мигранттары элчиликтин алдына чогулуп келип, КРнын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен жолугушту.


Анда элчи жакында эки же үч аба каттамы уюштурууларын убадалап, биринчи кезекте кош бойлуу жана билети бар жарандарды жөнөтүүнү пландап жатканын билдирди.


Бардык маселелерди чечкенге аракет кылабыз. Россия тарап менен сүйлөшүп жатабыз, бул жактагы бир миллион кыргызга 25 гана дипломат бар, алардын ичинен кээ бир патриотторубуз жарандарга тамак ташып жүрүп ооруп калышты. Ден соолугунан коркпой жардам берип жатышат”, - деди элчи.


Ошондой эле Жэекшенкулов мөөнөтү өтүп кеткен ID-карттардын жарактуулугун 31-декабрга чейин узартууну өкмөт менен сүйлөшүп жатканын айтты. “ID-картанын узаргандыгы боюнча маалымат кат беребиз, жалпы жарандык паспорт болсо мөөр басып беребиз. Муну менен билет ала алышат”, - деди ал.


Элчи кошумчалагандай, 17-майда каттам уюштурулуп, 400 адамды алып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн