Бугу 10, 2024
Убакыт: 08:24
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Россиядагы кыргыз мигранттары 31-декабрга чейин каттоодон өтүш керек

21.12.2022 10:17
354
Россиядагы кыргыз мигранттары 31-декабрга чейин каттоодон өтүш керек

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвада ачылган өкүлчүлүгүнө бир айда 248 кыргызстандык жумуштагы талаш-тартыштар боюнча жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, мигранттардын эл аралык күнүнө карата атайын иш-чара өткөн. Ага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, КРдеги миграция боюнча эл аралык уюмунун, ИИМ жана ТИМдин, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышкан.

"Бир ай ичинде биздин министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгүнө 248 адам кайрылды, бул маселелердин артында 20 миллион рубль турат (мигранттар иштегенден соң ала албай калган акчалардын суммасы — ред.). Ай аралыгында өкүлчүлүктүн кызматкерлери биздин жарандарга жарым миллион рублди иштеген жерлеринен кайтартып берүүгө жетишти. Дагы 17 иш Эмгек боюнча инспекцияларда кароодо турат", — деди Базарбаев.

Аткаминер азыркы тапта Россияда 650 миң кыргызстандык иштеп жүргөндүгүнө токтолуп, анын ичинен 73 миңи өз убагында миграциялык каттоого турбагандыгын белгилеп, аларга 2022-жылдын 31-декабрына чейин убакыт бериле турганын айтты.

"Президенттин тапшырмасы менен Москвага барып, Россиянын бир катар түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугуштум. Анын натыйжасында биздин жарандарга миграциялык каттоого турушу үчүн 2022-жылдын 31-декабрына чейин убакыт бериле турган болду. Мындан тышкары, Россиянын "Паспорттук-визалык сервистеринин" филиалдарын ачуу да сүйлөшүлдү. Мындай пунктуларды ачуу менен кыргызстандыктар четке чыкканга чейин эле медициналык кароодон жана башка процедуралардан өтүшүнө шарт түзүлөт", — деди министр.


БУУ системасынын КРдеги туруктуу координатору Антье Граве дүйнө жүзү боюнча эмгек мигранттарынын саны 280 миллионду түзөрүн билдирди. Мигранттардын эл аралык күнү жыл сайын 18-декабрда белгиленип келет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн