Баткен облусунун Лейлек районундагы Баул айылдык ооруканасына медициналык каражаттар тапшырылды. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Мелис Калыков билдирди.
Анын айтымында, жардам Россияда эмгектенген мекендештер тарабынан көрсөтүлдү.
"Эркин Жанжигитов баштаган Россияда эмгектенген жергиликтүү тургундар тарабынан ооруканага 1 даана кычкылтек концентратору, керектүү дары-дармек жана 3000 беткап алынып берилди", - деди ал.
Пикирлер (3)