Бугу 05, 2024
Убакыт: 19:12
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Россиядагы жол кырсыгына байланыштуу Азербайжандын өкмөт башчысы кыргыз элине көңүл айтты

22.08.2022 15:12
324
Россиядагы жол кырсыгына байланыштуу Азербайжандын өкмөт башчысы кыргыз элине көңүл айтты


Азербайжандын премьер-министри Али Асадов КР Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго Россия Федерациясындагы жол кырсыгынан Кыргызстандын жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдирди.


«Россиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандарынын каза болгондугу жана жаракат алгандыгы тууралуу кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Кырсыкка байланыштуу Сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына, жалпы Кыргызстан элине терең кайгыруу менен көңүл айтам, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин каалайм», - деп айтылат Али Асадовдун көңүл айтуу телеграммасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн