Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 02:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Россиядан дан үрөндөрү алынып келинди. Облустарга кандай бөлүштүрүлдү?

11.03.2022 14:46
711
Россиядан дан үрөндөрү алынып келинди. Облустарга кандай бөлүштүрүлдү?

Айыл чарба министрлиги Россиянын үрөнчүлүк ишканаларынан жаздык буудайдын, жаздык арпанын, софлордун үрөндөрүн Кыргызстандын облустарына берүү боюнча маалымат берди.


Ошентип, үрөндөр төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:


Баткен облусуна - 185,38 тонна;


Жалал-Абад обусуна – 286 тонна;


Чүй обусуна – 777,62 тонна;


Ысык-Көл обусуна - 725,22 тонна;


Талас обусуна – 213,7 тонна,


Ош облусуна - 303,94 тонна;


Нарын облусуна – 170,24 тонна.


“Айыл Банк” ААКтын шарттарына ылайык, үрөн товардык кредит түрүндө 4,5% үстөк менен, 2 жылдык мөөнөткө берилет, үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрына чейин 50% жана 2023-жыл 15-ноябрына чейин 50% төлөнөт.


Эске салсак, бир күн мурун Казакстандан Кыргызстанга Карабалык-20 жаздык буудайдын 1000 тонна элиталык үрөнүн алып келүү расмий аземи болгон.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн