Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:32
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Россиядан жасалма документ менен унаа ташуу фактысы аныкталды

28.09.2022 14:03
1382
Россиядан жасалма документ менен унаа ташуу фактысы аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери жасалма мамлекеттик номер менен авто унааны ташып кирүү аракетине бөгөт коюшту.

Алсак, "Ак-Тилек" контролдук-өткөрмө пунктунун жанындагы товарларды эсепке алуу пунктунда Авто унаа каражатын каттоо жөнүндө жасалма күбөлүктөрдү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик номер белгилерин колдонуу менен авто унаа каражаттарын Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына ташып келүү фактысы белгиленген.

Ташып келинген авто унаа каражаттарын карап чыгууда көрсөтүлгөн Авто унаа каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн маалыматтары унаанын кузовундагы иш жүзүндөгү маалыматтар менен дал келбегендиги аныкталды.

Укук бузуулардын материалдары КР ИИМ кызматкерлерине укуктук баа берүү үчүн берилген. Бул факт Ысык-Ата районунун ИИБ тергөө органдары тарабынан каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн