Тогуздун айы 11, 2025
Убакыт: 20:59
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

Россиялык эки альпинист Жеңиш чокусунда каза болду

12.08.2021 15:48
699
Россиялык эки альпинист Жеңиш чокусунда каза болду

Жеңиш чокусун багындырууну каалган эки альпинист каза болду. Бул тууралуу АКИпресс билдирди.


Маалыматка караганда, 8-август күнү орус альпинисти Валентин Михайлов кар сүрүлүп каза болгон. 

Ошол эле күнү Сергей аттуу альпинист Хан-Теңир чокусунан түшүп келе жаткан учурда өзүн жаман сезген. Анын жанында жубайы болгон. Куткаруучулардын эскертүүсүнө карабастан, жубайы Сергей менен чокунун боорунда кала берген.

Куткаруучулар 11-август күнү Сергей менен жубайын куткарган. Бирок Сергей өзүнө келбей каза болгон. Ал эми аялына жардам көрсөтүлгөн.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн