Бугу 15, 2024
Убакыт: 02:39
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Россиянын Башкы прокуратурасы өлкөнүн коррупция өнүккөн региондорун аныктады

18.06.2020 13:40
1078
Россиянын Башкы прокуратурасы өлкөнүн коррупция өнүккөн региондорун аныктады


Россиянын Башкы прокуратурасы өлкөнүн коррупция жогорку деңгээлде өнүккөн региондорунун тизмесин түздү деп билдирди РИА “Новости”. Бул тууралуу маалыматтар башкы прокурор Игорь Красновдун докладында айтылат.

Башкы прокуратура коррупциянын деңгээли жогору региондордун катарына Мордовия, Чувашия, Камчатка, Архангельск, Брянск, Магадан, Новгород, Оренбург, Саратов жана Тюмень облустарын кошту.

 

Башкы прокуратура коррупциянын деңгээли Ингушетияда, Хакасияда, Алтай крайында, Вологода, Москва, Мурманск, Пенза облустарында, Санкт-Петербург, Севастополь шаарларында жана Ямаль-Ненец автономиялуу округунда төмөн деп эсептейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн