Теке 27, 2025
Убакыт: 19:33
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Россиянын Sputnik V вакцинасын сатып алуу үчүн бюджеттен каражат бөлүндү

Россиянын Sputnik V вакцинасын сатып алуу үчүн бюджеттен каражат бөлүндү

Экономика  министрлиги Россиянын Sputnik V вакцинасын сатып алууга 215 миллион сом бөлгөн. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.


Анын айтымында, дары-дармектин баасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Вакцинанын баасы болжол менен орточо 8-10 долларды түзөт. Бүгүн мен бул тууралуу Россия Федерациясынын Саламаттыкты сактоо министри Мурашко менен сүйлөшөм», - деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн