Бугу 07, 2024
Убакыт: 01:18
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Россиянын биржасында АИ-92 бензиндин баасы рекорддук көрсөткүчкө жаңыланды

12.07.2023 14:34
699
Россиянын биржасында АИ-92 бензиндин баасы рекорддук көрсөткүчкө жаңыланды


АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы Санкт-Петербургдагы эл аралык товар жана чийки зат биржасында сооданын жыйынтыгы боюнча рекорд жаңыртты – биринчи жолу тоннасына 59 миң рублдан ашты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.


Маалымат боюнча, Россия Федерациясынын европалык бөлүгүнүн аймактык индекси боюнча 92-орун тоннасына 59 198 рублга чейин (0,49 пайызга) көтөрүлгөн. АИ-92 үлгүсү апрелдин аягында – майдын башынан бери өсүүдө. Июнь айынан баштап рекорддорду жаңылай баштады. Майдын ортосунан тарта АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы кескин көтөрүлө баштаган.


Белгилей кетсек, Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майларды Россиядан сатып алат. Демек, Россия Федерациясындагы күйүүчү майга болгон баалар Кыргыз Республикасынын ички рыногундагы кырдаалга түздөн-түз таасирин тийгизет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн