Бугу 06, 2024
Убакыт: 11:02
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Россиянын он шаарынан чогулган 239 жаран Кыргызстанга кайтып келди

01.08.2020 17:16
591
Россиянын он шаарынан чогулган 239 жаран Кыргызстанга кайтып келди


Кечээ, 31-июлда Ошко Екатеринбургдан «Уральские авиалинии» ААКнын чартердик каттамы менен мекенине 239 КР жараны кайтып келди, алардын ичинде балдар да бар. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.


Аталган каттам менен Ошко Россияда окуган студенттер, Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Сургут, Магнитогорск, Салехард, Ханты-Мансийск, Жаңы Уренгой, Курган жана Пермде жашап, кайтып келүүгө өтө муктаж болгон жарандар учуп келди.


Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан жарандардын жана кыргыз диаспора уюмдарынан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен түзүлдү. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы жактарда түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдан улам «Уральские авиалинии» компаниясынын каттамдарына буга чейин сатып алган авиабилеттеринин бар-жогу эске алынган.


Урал федералдык округунда жашаган жана мекенине кайтып келүүнү каалаган кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн