Бугу 18, 2024
Убакыт: 09:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Россиянын "Спутник V" вакцинасы качан алынып келери айтылды

Россиянын "Спутник V" вакцинасы качан алынып келери айтылды

Кыргызстан Россиянын Sputnik V вакцинасын май-июнь айларында алат. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйынында билдирди.


Ал 500 миң доза алынаарын белгиледи.


«Россиянын саламаттыкты сактоо министри менен жолугушууда мен Sputnik V вакцинасын сурадым. Ал белгилегендей, мындай маселелер президенттин деңгээлинде чечилет. Президент Садыр Жапаров Россияга биринчи иш сапары менен барып, ал жерде коронавирус инфекциясына каршы вакцинаны талкуулаганын өзүңүздөр билесиздер. 500 миң дозаны жеткирүү боюнча келишим болгон. Жакынкы мезгилде вакцина май же июнь айларына чейин келип түшөт деп ойлойбуз», - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн