Экс-президент Роза Отунбаев “Саясий коктейл” берүүсүнө катышып, анда Ош окуясын кайра иликтөө боюнча президенттин тапшырмасына пикирин билдирди. Отунбаева 10 жыл мурда орун алган “кара жашикти” ачуу зарылчылыгы жок экенин айткан.
“Бул окуя Кыргызстандын тарыхындагы эң чоң трагедиялардын бири. Анын кесепетин жоюу үчүн биз өтө чоң иштерди жасаганбыз. Эл аралык коомчулук кыргыздарды геноцидге айыптаганда эл аралык комиссияны киргиздик. Чынында буларга аймактагы башка лидерлер каршы болгон. Анткени, эл аралык комиссия биринчи жолу Борбор Азияда иштей баштаган эле. Алардын катарында дүйнөдөгү күчтүү юристтар бар болчу. Биз ошол жолдор менен да көп нерсени жаптык. Ал эми Ош окуясын иликтөөдөн корпойбуз, бирок “кара жашикти” ачууну каалабайт элем. Андан көрө келечекте ушундай окуялар кайталанбай тургандай иштерди жасоо керек”, - дейт Отунбаева.
Пикирлер (2)