Бүгүн, 9-мартта дүйнөлүк базарда Brent үлгүсүндөгү мунайдын 1 баррель үчүн баасы 31,43 долларга чейин түштү.
Мунайга болгон дүйнөлүк баанын түшүшүнөн кийин эл аралык валюталык рынокто доллардын жана евронун курсу рублга карата жогорулап кетти. Учурда 1 АКШ доллары 72,04 рубль, ал эми 1 евро 82,1 рублдан сатылууда.
АКШ долларынын курсу Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында 9-мартта саат 10:00гө карата сатып алуу 69,7 сомду түзүп, сатуу 69,9 сомдон болууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн