Бугу 22, 2024
Убакыт: 09:10
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Руслан Чойбековдун ордуна Замирбек Эсенаманов депутат болуп келиши мүмкүн

08.06.2020 17:28
1017
Руслан Чойбековдун ордуна Замирбек Эсенаманов депутат болуп келиши мүмкүн


Мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" саясий партиясынын депутаты Руслан Чойбековдун ордуна Замирбек Эсенаманов келиши мүмкүн. 


БШК 8-июнда Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" саясий партиясынын депутаты Чойбеков Руслан Нуркалиевичтен депутаттык ыйгарым укуктарынан бошотуу боюнча арыз келип түшкөнүн маалымдаган. 


Чойбековдун ордуна партиянын тизмеси боюнча Руслан Молдошев келиши керек болчу,  бирок ал дагы тизмеден чыгуу тууралуу арыз жазган. Молдошевден кийин тизмеде №61 болуп Замирбек Эсенаманов турат. Муну менен ал Жогорку Кеңешке «Кыргызстан» саясий партиясынан депутат болуп келиши мүмкүн. 


67 жаштагы Замирбек Эсенаманов 2005-2007-жылдары Жогорку Кенештин депутаты болуп иштеген.  Андан кийин Жайыл районунун акими болуп дайындалган. 2010-2011-жылдары Жаратылыш ресурстары министри кызматын аркалаган. 2013-жылы УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы аны тоо кен өндүрүш компаниясына мыйзамсыз лицензия берген деп айыптаган. Биринчи май райондук соту кийин аны актаган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн