Бугу 13, 2024
Убакыт: 12:11
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Руслан Казакбаев АКШдагы теракттын 20 жылдыгын эскерүүгө катышты

21.09.2021 11:04
299
Руслан Казакбаев АКШдагы теракттын 20 жылдыгын эскерүүгө катышты


КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын Жогорку деӊгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу максатында Нью-Йорк шаарында жүрүп жаткан иш-сапарынын алкагында 11-сентябрдагы терракттардын 20 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасына катышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Иш-чарада БУУнун өкүлдөрү, анын ичинде, БУУнун Башкы катчысынын орун басарынын, атап айтканда БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын башчысы Владимир Воронков жана 11-сентябрь мемориалы жана музейинин директору Элис Гринвальд чыгып сөз сүйлөшкөндөн соӊ, террактын курмандыктарына гүл коюу аземи өткөрүлдү.


Аземге Австрия, Кипр, Босния жана Герцеговина, Литва жана башка мамлекеттердин президенттери, ошондой эле 30 өлкөнүн тышкы иштер министрлери катышты.


Ошол эле күнү министр Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратынын расмий ачылышына катышты.


Салтанаттуу аземге Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдоган, ошондой эле башка өклөлөрдүн делегацияларынын башчылары катышты.


Аземдин жүрүшүндө дүйнөдө теңчилик, өз ара пайдалуулук, туруктуу өнүгүү жана ачыктык менен мүнөздөлгөн көп кырдуу жана көп баскычтуу глобалдык кызматташуу чөйрөсүн куруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн