Бугу 02, 2024
Убакыт: 15:43
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Руслан Казакбаев Абу-Даби Өнүктүрүү фондунун башкы директору менен бир катар маселелерди талкуулады

04.03.2022 10:07
815
Руслан Казакбаев Абу-Даби Өнүктүрүү фондунун башкы директору менен бир катар маселелерди талкуулады

Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапардын алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Абу-Даби Өнүктүрүү фондунун башкы директору Мохаммед Сейф Аль-Сувэйди менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Жолугушууда фонддун БАЭнин өтө тездик менен өнүгүшүнө, ошондой эле мамлекеттик башкаруу, санариптештирүү жана алдыңкы технологияларды ишке киргизүү чөйрөсүндөгү реформаларды жүргүзүүгө кошкон зор салымын жогору баалап, Руслан Казакбаев фонддун Кыргызстанда активдүү жана түз катышуусуна кыргыз тарап кызыкдар экендигин билдирди.


Боордош эки мамлекеттин жогорку жетекчилигинин БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сохейль Аль-Мазруи жетектеген БАЭнин өкмөттүк делегациясынын 2021-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасына, ошондой эле Улуттук павильондун ачылышынын жана «Экспо Дубай-2020» катышуу алкагында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун БАЭге болгон иш сапарларынын жыйынтыгы боюнча кыргыз-эмират эки тараптуу мамилелерин сапаттуу жаңы деңгээлге чыгарууга умтулгандыгы жөнүндө маалымдап, КР тышкы саясат ведомствосунун башчысы КР менен БАЭ ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары кеңейтүү максатында Кыргызстандын Абу-Даби Өнүктүрүү фонду менен эки тараптуу кызматташтыгын арттыруунун актуалдуу маселелерин талкуулады.


Тактап айтканда, маселелер комплексинин арасында эмират тараптын көңүлүн потенциалдуу кызматташтыктын төмөнкү предметтик долбоорлоруна бурду.


1.КР мамлекеттик программаларынын алкагында «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» (МИК) жалпы суммасы 300-500 млн АКШ долларды түзгөн жеткиликтүү ипотекалык турак жай куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча долбоору. Эмират тараптын МИК аркылуу кызматташууну карап чыгууга алдын ала даяр экендигин эске алуу менен, кыргыз тарап аталган долбоор боюнча документтердин пакетин берип, ошондой эле КР президенти С.Жапаровдун колдоосун эске алуу менен долбоордун мамлекеттик ички масштабдагы социалдык мааниси баса белгиленди.


2. Энергетика тармагындагы алардын олуттуу потенциалын эске алуу менен чакан ГЭСтерди жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) өнүктүрүү боюнча кызматташуу. Финансылык ресурстар жана алдыңкы технологиялар чектелүү болгондугуна байланыштуу КРда ЭКБны өнүктүрүү чөйрөсү тышкы колдоого муктаж экендиги баса белгиленди, ал эми Өнүктүрүү фонду Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин (ИРЕНА) энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү долбоорлорду каржылоо боюнча программасында негизги демөөрчү болуп саналгандыгына байланыштуу кыргыз тарап ИРЕНАнын потенциалын Кыргызстанда бул чөйрөдөгү долбоорлорду ишке ашырууга тартууну суранды.


3. Ушуну менен катар, Абу-Даби Өнүктүрүү фонду менен биргеликте төмөнкү келечектүү багыттар боюнча бир катар пилоттук инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин иштеп чыгуу сунушталды:


Туризм жана мейманкана, курорттук-рекреациялык объекттерди куруу чөйрөсү (Ысык-Көл туристтик зонасында ири объекттерди куруу);

Агробизнес жана айыл чарба чөйрөсү – Талас облусунда жаңгак, буурчак, КРнын облустарында эт жана сүт, топоз өстүрүү (экологиялык эт жана сүт азыктары, жүн), балык жана канаттууларды өстүрүү, айыл чарба тоютун өндүрүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана консервациялоо;

КРнын бардык региондорунда соода-логистикалык борборлор тармагын куруу.

Бул контекстте фонддун жетекчилигинин кароосуна инвестициялык долбоорлордун пакети берилип, БАЭден потенциалдуу инвесторлор үчүн ар тараптуу көмөк көрсөтүү жана жагымдуу шарттарды түзүү боюнча кыргыз тараптын даярдыгы айтылды.


Өз кезегинде, Абу-Даби Өнүктүрүү фондунун башкы директору Мохаммед Сейф Аль-Сувэйди фонддун ишине жогорку баа бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, өзү жетектеген фонддун линиясы боюнча кыргыз-эмират кызматташтыгын тереңдетүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи. Бул контекстте эмират тарап кыргыз тараптын долбоорлорун изилдөөгө жана аларды предметтик талкуулоо үчүн БАЭнин эксперттер делегациясын Кыргызстанга жөнөтүүгө даяр экендигин маалымдады.


Жагымдуу инвестициялык климаттын болуусун жана потенциалдуу инвесторлор үчүн таасирдүү стимулдарды берүүнүн маанилүүлүгүнө басым жасап, фонддун башчысы өз ара пайдалуу кызматташуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи, мында кыргыз тарап инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүсү керектигин, ал эми эмират тарап фонддун кредиттик-инвестициялык ресурстарын мобилизациялап гана тим болбостон, фонд аркылуу потенциалдуу инвесторлорду да тарта аларын белгиледи.


Ошол эле учурда Кыргызстандын уникалдуу табиятын эске алуу менен туризм чөйрөсүндөгү долбоорлорду жана фонддун Кыргызстандын ар кайсы облустарында өсүү чекиттерин өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга болгон каалоосун эске алуу менен агробизнес чөйрөсүндөгү долбоорлорду түздөн-түз каржылоо боюнча фонддун мүмкүнчүлүгү айтылды.


Жолугушуунун аягында Кыргызстан менен Абу-Даби Өнүктүрүү фондунун ортосундагы кызматташтыкты жөнгө салуу жана ушул жемиштүү жолугушуунун жүрүшүндө талкууланган бир катар биргелешкен иш-чараларды практикалык ишке ашыруу үчүн министр Руслан Казакбаев АДӨФ башчысы Мохаммед Сейф Аль-Сувэйдини ушул жылы өзүнүн делегациясы менен Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырды.


Маалымат үчүн: Абу-Даби Өнүктүрүү фонду Абу-Дабинин өкмөтү тарабынан 1971-жылы чет өлкөлөргө жардам берүү программаларын башкаруу үчүн түзүлгөн. 2013-жылдан баштап АДӨФ Абу-Даби жана БАЭ экономикалык жана социалдык өнүктүрүү долбоорлорун каржылоо үчүн жеңилдетилген ссудаларды гана бербестен, чет өлкөлүк өнөктөш өлкөлөрдүн экономикаларын өнүктүрүүгө да инвестициялайт.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн