Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 12:34
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Руслан Казакбаев Рим папасы Франциск менен жолугушту

11.11.2021 09:34
585
Руслан Казакбаев Рим папасы Франциск менен жолугушту

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италияга жасаган биринчи расмий сапарынын алкагында Ватиканда болуп, Рим папасы Франциск менен жолукту. Бул туурасында тышкы саясат боюнча ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.


Жолугушуунун жүрүшүндө понтифик Кыргызстандын элине жана мамлекеттин жетекчилигине өзүнүн жылуу каалоолорун айткан. Казакбаев, андан сырткары, Ватикандын мамлекеттик катчысы Пьеро Паролини (өкмөт башчысы) менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулаган.


"Ватикандын мамлекеттик катчысы Паролини Кыргызстан менен кызматташууну активдештирүүгө, анын ичинде архивдик изилдөө чөйрөсүндө маалымат алмашууга даяр экенин билдирди", — деп айтылат маалыматта.


Тараптар ошондой эле тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо контекстинде эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашкан. Маалыматта диндер аралык толеранттуулук маселеси өзүнчө талкууланып, анын ичинде билим берүү тармагындагы маселелерге өзгөчө көңүл бурулганын маалымдашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн