Бугу 16, 2024
Убакыт: 23:40
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Руслан Казакбаевге сурообуз бар. Жооп береби?

09.04.2021 10:31
986
Руслан Казакбаевге сурообуз бар. Жооп береби?


Буга чейин Евразиялык экономикалык союздун сотунун Кыргызстандын атынан судьясы болуп отурган Галина Скрипкина тууралуу ММКларда, анын ичинде биздин маалымат агенттикте бир катар материалдар жарыяланып, анда бул айымдын бир канча чуулгандуу иштери маалымдалган. Биз да Скрипкинанын Минсктеги кылыктарын угуп калып, анын өзүнө расмий кайрылганбыз. Бирок, жооп болгон жок.


Бизге жеткен маалыматка караганда,  Галина Анатольевна учурдагы жумушунда кыска аралыкта бир нече жардамчы алмаштырыптыр. Ошол жардамчыларынын бири Кыргызстандын Белоруссиядагы элчилигине арыз менен кайрылып, ага карата чара көрүп берүүсүн суранган экен. Галина айымдын үстүнөн түшкөн арыз коомчулуктун бүйүрүн кызыткан окуя болуп жатканынан улам, маселенин чоо-жайын билүү үчүн аталган элчилик менен болгон байланышыбыздан натыйжа чыккан жок.


Эми Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Кыргызстандын Белоруссиядагы элчилигине расмий кайрылат элек. Евразиялык экономикалык союздун сотунун Кыргызстандын атынан судьясы болуп отурган Галина Скрипкинанын үстүнөн арыз түштү беле? Эгер түшсө ал эмне тууралуу арыз? Ага карата кандай чаралар көрүлдү? Жыйынтык чыктыбы? Ушул суроолорубузга Руслан Айтбаевич менен Белоруссиядагы элчилик жооп узатышын күтөбүз. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн