Бугу 03, 2024
Убакыт: 14:05
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

ШКУ Кыргыз бийлигинин уюшкан аракеттери жана тышкы колдоолор эпидемияны токтотот деп ишенет

31.07.2020 08:25
998
ШКУ Кыргыз бийлигинин уюшкан аракеттери жана тышкы колдоолор эпидемияны токтотот деп ишенет


Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Башкы катчысы Владимир Норов коронавирус инфекциясы пандемиясынын курмандыктарынын элесине карата Кыргызстанда 2020-жылдын 30-июлу Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланганына байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековго жана өлкө элине көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Боордош Кыргызстан элинин орду толгус жоготуусунун азасын тең бөлүшүү менен, бул илдет менен күрөшүп жаткандардын толук айыгып кетишине ишеним артабыз. Учурдан пайдаланып, өз ден соолугун жана өмүрүн тобокелге салуу менен бейтаптарды дарылап, кесиптик милдеттерин берилгендик менен аткарып жатышкан дарыгерлердин, медицина кызматкерлеринин өз жандарын аябастан кызмат кылып жаткандыктары менен, сабырдуулуктун, кайраттуулуктун жогорку үлгүсүн көрсөтүп жаткандыктарын белгилеп кетким келет», — деп айтылат ШКУнун Башкы катчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Владимир Норов Кыргызстандын аткаруу бийлигинин борбордук жана жергиликтүү органдарынын уюшкан аракеттери, ошондой эле жарандык коомдун, ыктыярчылар кыймылынын активдүү ишмердүүлүгү, эл аралык коомчулуктун, анын ичинде ШКУга катышуучу өлкөлөрдүн дагы колдоосу өлкөдө эпидемиянын жайылышын токтотууга мүмкүндүк берерине ишеним арта тургандыгын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн