Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 19:37
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары 30 документке кол койду

17.09.2021 16:50
887
ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары 30 документке кол койду

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Душанбе шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет.


Отурумдун жүрүшүндө ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн башчылары катышуучу-мамлекеттердин туруктуу өнүгүү, уюм мейкиндигиндеги жана дүйнөдөгү стабилдүүлүктү колдоо, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин карашты.


Жыйын Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өттү.


ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын отурумунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:


Шанхай кызматташтык уюмунун жыйырма жылдыгынын Душанбе декларациясы.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2022-2024-жылдарга терроризм, сепаратизм жана экстремизге каршы күрөшүү боюнча программасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2018-2023-жылдардагы антинаркотикалык стратегиясынын программасындагы пункттарды ишке ашыруу боюнча иш планын (2021-2023-жж.) бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча 2022-2023-жылдарга карата өз ара аракеттенүү планын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2021-2023-жылдарга COVID-19 пандемиясынын социалдык-экономикалык терс кесепеттерин жойуу боюнча биргелешкен чаралар планын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна чакырык жана коркунучтарга каршы туруу механизмдерин жакшыртуу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.

Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.

Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антиттеррордук түзүмүнүн аткаруучу комитетинин директору жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.

Шанхай кызматташтык уюмунун гимни тууралуу жобону бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.

Шанхай кызматташтык уюмунун «Жашыл алкак» программасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2022-2024-жылдар аралыгында айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.

Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу баяндамасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.

Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррордук түзүмүнүн 2020-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Регионалдык антитеррордук кеңешинин баяндамасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.

Шанхай кызматташтык уюмунун туристтик жана маданий борбору тууралуу жобону бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.

Шанхай кызматташтык уюмунун экономикалык форумунун концепциясын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.

Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Бириккен улуттар уюмунун ортосунда өнөр-жай өнүгүүүсү боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.

Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Араб мамлекеттеринин лигасынын катчылыгынын ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.

Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Бириккен улуттар уюмунун соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын катчылыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.

Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча эл аралык комитеттин катчылыгы ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.

Иран Ислам Республикасын Шанхай кызматташтык уюмуна мүчөлүккө алуу жараянын баштоо жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.

Катар Мамлекетине Шанхай кызматташтык уюмунда диалог боюнча өнөктөш макамын берүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.

Египет Араб Республикасына Шанхай кызматташтык уюмунда диалог боюнча өнөктөш макамын берүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.

Сауд Аравия Королдугуна Шанхай кызматташтык уюмунда диалог боюнча өнөктөш макамын берүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечими.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин илим, технология жана инновация жаатында кызматташууну бекемдөө жөнүндө билдирүүсү.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин азык-түлүк коопсуздугу боюнча билдирүүсү.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы жаштар менен иштөө жаатында кызматташуу жөнүндө келишими.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы маданий мурастардын объектилерин коргоо боюнча жаатында кызматташуу жөнүндө келишими.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин маданият жана искусство жаатындагы жогорку жана орто билим берүү уюмдарынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

Шанхай кызматташтык уюмунун банктар аралык бирикмесин мындан аркы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясы (2022-2026-жж.).

Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Евразиялык экономикалык комиссиянын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандуму.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн