Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспортко жол кирени көтөрүү тууралуу токтомунун долбоорун шаардык кеңешке жөнөтөт. Бул тууралуу вице-мэр Русланбек Акылбеков маалымат жыйынында билдирди.
Ал Экономика жана финансы министрлиги коомдук транспорттун тарифине анализ жүргүзүп, жол кирени жогорулатууга макул болгонун айтты. Ошондой эле тарифин маселесин кароо соңку шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгарылышынан улам узарып кеткенин билдирди.
Бүгүн, 2-июнда шаар ичиндеги элдин кыймылын камсыз кылган маршруттук каттамдын айдоочулары иш таштады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн