Бугу 08, 2024
Убакыт: 00:38
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Шаардыктар Ю.Фучик паркынын абалын жакшыртууну талап кылышты

06.09.2021 15:27
605
Шаардыктар Ю.Фучик паркынын абалын жакшыртууну талап кылышты



Ленин районунун башчысы Мурат Осмонов шаардыктарды жеке кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.


Бул жолу шаардыктар Ю.Фучик паркынын абалын жакшыртуу, жолбун иттерди кармоо, стерилизациялоо жана эмдөө боюнча "Тайган" долбоорун ишке ашырууга колдоо көрсөтүү, ошондой эле райондун жашоосуна байланышкан башка суроолор боюнча кайрылышты.


Тиешелүү кызматтардын жетекчилерине жана муниципалдык администрациянын жооптуу кызматкерлерине шаар тургундарынан келген бардык кайрылууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тез арада чечүү тапшырылды.


Белгилей кетсек, жыл башынан бери 86 жеке кабыл алуу өткөрүлгөн.


Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору! Эске сала кетсек, акимдин жеке кабыл алуусу ар бейшемби күнү саат 15:00дө өткөрүлөт. Сиз: (0312) 65-69-05, 65-69-09 телефондоруна чалып жазылсаңыз болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн