Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:13
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Шакиев: Депутаттар "Элдик курултай жөнүндө" мыйзамды колдобой туура кылды

18.05.2022 12:03
340
Шакиев: Депутаттар "Элдик курултай жөнүндө" мыйзамды колдобой туура кылды

Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Нурланбек Шакиев парламенттин бүгүнкү жыйынында "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча пикирин билдирди.


Анын айтуусуна ылайык, мыйзам долбоорлоору мыйзамсыз жолдор менен алынып келүүдө.


«Мыйзам долбоорлору тиешелүү нормаларды бузуу менен «тиги суранды», «колдоп коюш керек» деп президенттин, өмөттүн өкүлдөрү эшик каккылап суранып жатышат. Биз керектүү учурда өлкөнүн, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы болсо, «макул» болуп колдоп берип жатабыз. Бирок бул өнөкөткө айланып калды, буга чекит коюшубуз керек. Антпесек, сапатсыз, айрым бир топтордун гана кызыкчылыгына иштеген мыйзам долбоорлору кабыл алынышы мүмкүн болууда», — деди Шакиев.


Ошондой эле ал кечээ комитетте талкууланган «Курултай жөнүндө» мыйзам долбоорунда да өздөрүнө ашыкча ыйгарым укуктарды жазып алгандыктарын сынга алды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн