Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 14:24
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Шакиев: Парламенттин кадырын көтөргөн да, түшүргөн да төрага

29.12.2021 18:51
1133
Шакиев: Парламенттин кадырын көтөргөн да, түшүргөн да  төрага

Парламенттин кадырын көтөргөн да, түшүргөн да төрага. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Шакиев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.


Анын айтымында, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Текебаевдер төрага болгондо парламенттин кадыры көтөрүлгөн.


"Ачыгын айтып коюшум керек мурда парламенттин кадыры жогору болгон. Азыр эң төмөн түшүп, сатира, юмордун буюму болду.

Адахан Мадумаров, Өмүрбек Текебаев сыяктуу спикерлер парламенттин аброюн көтөргөн.

Айрым төрагалар Жогорку Кеңешти мыскыл кылды",- деди Шакиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн