Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 12:22
USD
87.30
87.80
EUR
95.80
96.80
RUB
1.000
1.040

Шакиев Жогорку Кеңештин аппаратына ыкчам жана сапаттуу иштөөнү тапшырды

03.04.2023 15:15
321
Шакиев Жогорку Кеңештин аппаратына ыкчам жана сапаттуу иштөөнү тапшырды


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин Аппаратынын жетекчилери жана бөлүм башчылары менен жыйын өткөрдү. Жыйынга төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев да катышты.


Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей,  Нурланбек Шакиев парламенттин иши Аппаратка көз каранды экенин белгилеп: “Андыктан, иштин сапатына өзгөчө көңүл буруу кажет. Айрыкча, мыйзамдарды кароо жана документ жүгүртүү процессин жакшыртып, жарандар менен иш алып барууда ыкчамдуулукка басым жасалышы шарт”, – деди.


Мындан тышкары төрага парламенттин ишин санариптештирүүдөгү айрым маселелерге токтолуп, кызматкерлердин тажрыйбасын арттыруу жаатында окууларды уюштуруунун актуалдуулугун белгиледи. 


Ал эми төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Жогорку Кеңештин жаңы Өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу жараянын тездетүү маселесин көтөрдү.


Муну менен катар I кварталдагы аткарылган иштер талкууга алынып, II кварталга карата пландалган жумуштар тууралуу сөз болду. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн