Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 06:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Шакиев дары-дармектердин баасын көзөмөлгө алууну тапшырды

21.12.2022 15:12
368
Шакиев дары-дармектердин баасын көзөмөлгө алууну тапшырды

Парламенттин бүгүнкү кезектеги жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев өлкөдөгү оор санитардык-эпидемиологиялык абалга көңүл бурду.


Төрага вирустук инфекциялардын кескин көбөйүшүнө токтолуп, министрлер кабинетин, Саламаттыкты сактоо министрлигин жана башка жооптуу мамлекеттик органдарды дары-дармек рыногун көзөмөлгө алып, жарандардын дарыларга болгон муктаждыгын толук канааттандырууга чакырды.


«Бүгүнкү күндө өлкөбүздө көптөгөн оорулар күч алууда, сасык тумоонун бир нече түрү жүрүп жатат. Элдин саламаттыгын камсыз кылуу мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири. Саламаттыкты сактоо министрлиги, Министрлер кабинети, аптека түйүндөрүндөгү баа маселелерин көзөмөлдөгүлө. Даарылардын баалары кымбат болуп, жетишсиздиги да курч болуп жатат. Эч бир спекуляцияга жол бербей, элдин ден соолугун көңүл борборуна алып, ушул маселелерди катуу көзөмөлдөп тургула», - деди Нурланбек Шакиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн