Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 00:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Шакиев жер көчүү коркунучу бар аймактарда алдын алуу иштерин тездетүүнү тапшырды

28.05.2024 13:51
140
Шакиев жер көчүү коркунучу бар аймактарда алдын алуу иштерин тездетүүнү тапшырды


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Аксы районундагы иш сапары Кара-Камыш айыл аймагына караштуу Жүзүмжан айылында уланды.

Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага айылдагы жер көчкү коркунучу бар тилке менен таанышты. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев көчкүнүн алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири маалымат берди.

Министрдин айтымында, Азия өнүктүрүү банкы менен 39 млн АКШ долларына барабар биргелешкен долбоор макулдашылып, жалпы жалпы республика боюнча 27 тилкедеги жер көчкү коркунучун азайтуу иши пландалган. Ага Жүзүмжан айылы да киргизилген.

Төрага аталган долбоорду тез арада ишке ашырып, жер көчкү коркунучун жоюу талабын койду.

“Адам өмүрү баарынан кымбат. Андыктан, калкка коркунуч жараткан кырсыктардын алдын алуу ишине катуу көзөмөл кылып, тиешелүү долбоорду тез арада бүткөрүү керек”, – деди төрага Нурланбек Шакиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн