Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:05
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Шашылыш билдирүү: 26-28-июнь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт

24.06.2020 13:42
1056
Шашылыш билдирүү: 26-28-июнь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт


26-28-июнуна чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, 26-28-июнь күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

 

26-июнда күндүз жана 27-28-июндарда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 27-июнда күндүз жана 28-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.


Абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 20…25°, тоо этектеринде түнкүсүн 5…10°, күндүз 18…23°, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 20…25°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 25…30°, тоо этектеринде түнкүсүн 8…13°, күндүз 22…27°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 6…11°, күндүз 15…20°, тоолуу райондордо түнкүсүн 3…8°,күндүз 9…14° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4° сууктан …+1° жылуулукка чейин, күндүз 1…6° жылуу болушу күтүлөт.


Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн