Бугу 11, 2024
Убакыт: 12:22
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

10.10.2023 13:40
453
Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт


Кыргызстандын аймагында 13-октябрдан 15-октябрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, 13-октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын областарынын көпчүлүк аймактарында жаан, Чүй, Талас областарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-октябрда күндүз, 13,14-октябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6°, айрым жерлерде 0..-2°, күндүз 5... 10°;
Талас облусунда 1... 6°, айрым жерлерде -1...-3°, күндүз 4...9°;
Чүй, Талас областарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1...6°, айрым жерлерде-1..-3°;
Ош, Жалал-Абал. Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 2... 7°, күндүз 11...16°;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1...6°, айрым жерлерде 0...-20, күндүз 5... 10°;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3...+2°, күндүз 4...9° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7° суук, күндүз 1...6°;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8...-13°, күндүз - 1...-6° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Мөмө-жемиш жана жашылча жемиштерди үшүк алып кетүү коркунучу бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн