Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 11:32
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Шавкат Мирзиёев 63 жашта. Өзбекстандын президенти тууралуу кызыктуу фактылар

24.07.2020 12:03
1757
Шавкат Мирзиёев 63 жашта. Өзбекстандын президенти тууралуу кызыктуу фактылар


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 24-июлда 63 жашын белгилеп жатат. “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги саясатчы тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.


1) Шавкат Мирзиёев 1957-жылы 24-июлда Өзбекстандын Жизак облусунун Зааминс районундагы Манас деген айылда төрөлгөн;


2) Ата-энеси дарыгер болгон. Атасы Миромон Өзбекстандын Заамин районундагы кургак учук боюнча аймактык оорукананы башкарса, апасы ошол эле ооруканада медайым болгон;


3) Шавкат Мирзиёев Ташкентте ирригация жана мелиорация боюнча айыл чарба институтун аяктап, инженер-механик адистигине ээ болгон;


4) 1974-1991-жылдары ирригациялык ишканаларда катардагы жумушчудан баштап, техника илимдеринин кандидатына чейин жеткен. 35 жашында ошол эле институттун биринчи проректору болуп дайындалган;


5) 1990-жылы Өзбекстандын парламентинин депутаты болуп эмгектенген;


6) 1996-2001жылдары — Жизак жана Самарканд облустарынын акими болуп штеген; 


7) 46 жашында Өзбекстандын мурдагы башчысы Ислам Каримовдун сунушу менен өкмөт башчы болуп дайындалган; 


8) Шавкат Мирзиёев жубайы Зироатхон Хошимова менен Ташкенттеги Айыл чарба институтунан табышкан;


9) Өзбекстан президентинин Шахноза жана Саида аттуу эки кызы жана Даврон аттуу уулу бар. Эки кызы тең турмушка чыккан;


10) Шавкат Мирзиёев 2016-жылкы президенттик шайлоодо элдин 88,61 пайыз добушун алып жеңишке жеткен.  Ал эми 14-декабрда салтанаттуу түрдө ант берип, президенттик кызматына киришкен.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бек
Озбек президенти Манас айылында торолгон экен.