Бишкек жана Ташкентте күн мурун “Кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн артыкчылыктуу багыттары” аталышындагы онлайн-конференция өттү. Иш-чара Кыргызстандын президентине караштуу Улуттук стратегиялык изилдөө институту (УСИИ) жана Өзбекстандын президентине караштуу Стратегиялык жана эл аралык изилдө институту тарабынан уюштурулду.
КР УСИИнин маалыматына ылайык, конференция алдыда январь айынын аягында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик сапарына карата өткөрүлдү. Институттар эки өлкөнүн мамлекет башчыларына багыттала турган сунуштарды иштеп чыгуу үчүн экономика, энергетика, экология, айыл чарбасы, транспорт, маданият жана билим берүү жаатындагы адистердин жолугушуусун уюштурушту.
“Он жылга жетпеген убакыт мурда мындай конференциялар формалдуу мүнөздө болгон. Бирок бүгүнкү күндө кырдаал кескин өзгөрдү. Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси кайра жаралуу доорун башынан кечирүүдө. Биздин өлкөлөр ортосундагы диалог терең, мазмундуу, президенттиктен баштап бардык деңгээлде жүрүүдө. Эки өлкөнүн ортосундагы биз эки жылдан бери көрүп келе жаткан оң динамикалуу өз ара мамилелерди мындан ары дагы улантуу өтө маанилүү. Ошондуктан биз сунуштамаларды биргеликте даярдоо үчүн ар кайсы жааттагы эксперттерди чогулттук. Мамлекет башчылары аларды Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү боюнча мындан аркы аракеттерди иштеп чыгууда колдоно алышат”, - деди КР УСИИнин директору Канатбек Азиз.
“Өзбек-Кыргыз соода-экономикалык кызматташтыгынын динамикалуу өнүгүп келе жатканын өзгөчө баса белгилеп кетким келет”, - деди Өзбекстандын Стратегиялык жана эл аралык изилдөө институтунун директорунун орун басары Акрамжан Неъматов кыргызстандык кесиптешинин сөзүн улай.
Анын айтымында, 2022-жылы өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү биринчи жолу 1 млрд 260 млн доллардан ашкан, бул 2017-жылдагы көрсөткүчтөн дээрлик 5 эсеге көп.
“Борбор Азия өлкөрүнүн ичинен Кыргызстан Өзбекстандын Казакстандан кийинки экинчи стратегиялык өнөктөшү болуп калды. Ошону менен бирге тараптар жакынкы жылдарда диверсификация жана кеңейтүүнүн эсебинен өз ара сооданы эки эсеге көбөйтүүгө ниеттенүүдө”, - деди ал.
Конференциянын жүрүшүндө эксперттер Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна, мөңгүлөрдү сактоо, климаттык өзгөрүүлөргө каршы туруу, айыл чарба багытындагы кызматташтык жана башкаларга өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле билим берүү жана маданият чөйрөсүндөгү гуманитардык кызматташтыкка басым жасашты.
“Биз өзбек тарапка Кыргызстан менен Өзбекстандын драма, музыкалык, музыкалык-драма театрларынын, филармонияларынын, оркестрлеринин, цирктеринин алмашуу гастролдорунун бирдиктүү программасын иштеп чыгууну жана ишке ашырууну сунуштайбыз, - деди өз сөзүндө КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Мамбетмусаева.
Биз үчүн эң негизги маселе маданият жана искусство тармагындагы билим берүү. Өзбекстандын жогорку окуу жайлары совет доорунан бери Кыргызстандын маданият жана искусство тармагында кадрларды даярдоодо алдыңкы орундардын бири болуп келген. Буга байланыштуу биздин министрлик Өзбекстандын Манон Уйгур атындагы мамлекеттик искусство жана маданият институтунун жана Өзбекстандын мамлекеттик консерваториясында күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүндө Кыргызстандан бакалавр жана магистратураны окутууга квота берүү өтүнүчү менен өзбек тарапка кайрылган”.
Онлайн-конференциянын жыйынтыгында уюштуруучулар форматтын натыйжалуулугун белгилешти. Ошондуктан мындай иш-чараларды өткөрүү практикасы улантылмакчы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн