Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:30
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келет. Президент Абдулла Ариповду кабыл алды

26.09.2022 15:46
393
Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келет. Президент Абдулла Ариповду кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйынына катышуу үчүн Бишкек шаарына келген Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды.


Мамлекет башчысы жыйындын жыйынтыгы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча укуктук процессти эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгында тез арада бүтүрүүгө көмөк көрсөтөрүнө ишенимин билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка тармактарда кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча пикир алмашуу болду.


Тараптар Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарын талкуулап, ошондой эле визит алкагында белгиленген биргелешкен пландарды жана долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн