Саат 17:00гө карата 15 тартип
бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу 4-октябрда ИИМдин тергөө бөлүмүнүн башчысы Султан Макилов билдирди.
Анын маалыматына караганда Бишкек шаарында 3 факт, Жалал-Абадда - 5, Ош облусунда 3 жана Чүй облусунда 4 факт катталды. Анын ичинен 6 факт добуш сатып алуу боюнча, 3 факт шайлоо процессине тоскоолдук кылуу, 6 факт майда ээнбаштык болуп катталды.
“Мындан тышкары ИИмде маалыматты катоо журналы бар, ал жакта 53 кайрылуу түшкөн, алар боюнча текшерүү жүргөн”, - деди Султан Макилов.
Пикирлер (1)