Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Шайлоо: Саат 12ге карата шайлоочулардын 9 пайызы катышты

28.11.2021 12:54
434
Шайлоо: Саат 12ге карата шайлоочулардын 9 пайызы катышты

Бүгүн, 28-ноябрь, саат 12:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо партияларга 339 миң 785 жаран добуш берди. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.


Анын айтымында, ал жалпы шайлоочулардын 9,17 пайызын түзөт. Шайлоочулардын тизмесине жалпы 3 млн 703 миң 420 жаран киргизилген.


Ал эми бир мандаттуу шайлоо округдарында 329 миң 965 шайлоочу (9,12%) добуш берди. Бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны 3 млн 619 миң 292ни түзөт.


Чет өлкөлөрдө тизмеге кирген 84 миң 128 жарандын ичинен 1 миң 518 (1,8%) адам өз тандоосун жасады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн