Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:11
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Шайлоо босогосун 7 пайызга төмөндөткөн мыйзам 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

14.05.2020 14:03
898
Шайлоо босогосун 7 пайызга төмөндөткөн мыйзам 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү


Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "КР Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамынын долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.


Демилгечи депутаттардын бири Талант Мамытов бул мыйзам долбоору аркылуу шайлоонун пайыздык босогосун төмөндөтүү максатталганын белгиледи. "Саясий партиялардын Жогорку Кеңешке өтүшү үчүн шайлоо босогосун 9%дан 7%га төмөндөтүү сунушталууда", - деди депутат Талант Мамытов.

Талкуу маалында депутат Төрөбай Зулпукаров республикадагы парламентаризмди күчтөндүрүү максатында шайлоо босогосун төмөндөтүүгө болбой тургандыгын белгиледи. Мындан тышкары эл өкүлү Нурбек Тотонов да ар бир шайлоонун алдында шайлоо босогосун азайтуу туура эмес экендигин кошумчалады.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Талант Мамытов: "Шайлоо босогосунун 7 % болушу парламентке ар кандай партиялардын келишине жоп ачып, ойлордун көп түрдүүлүгүн камсыздайт", - деди.

Ал эми депутат Эльвира Сурабалдиева мыйзам долбоорун колдосо, депутат Умбеталы Кыдыралиев учурга жараша шайлоо босогосун 7%га төмөндөтүү өтө зарыл экендигине токтолду. Ушундай эле пикирди эл өкүлү Жыргалбек Турускулов да айтты.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн