Бугу 14, 2024
Убакыт: 15:28
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Шайлоо бюллетени кандай болот? (фото)

25.11.2021 12:38
727
Шайлоо бюллетени кандай болот? (фото)
Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы эреже менен өтө турган парламенттик шайлоонун бюллетенинин үлгүсүн көрсөттү.

Бул ирет шайлоо аралаш система менен өтүп жатат. Пропорционалдык тутум боюнча бюллетендин үстү жагына 21 партиянын аталышы, астына 54 нумерация коюлат. Жаңы эрежеге ылайык, шайлоочу алгач партияны, андан соң конкреттүү бир талапкердин тизмедеги катар номерин тандашы керек.

Ал эми бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөн талапкерлерге добуш берүү мурдагыдан айырмаланбайт. Талапкердин аты-жөнү жазылган номердин тушуна белги коюу жетиштүү.

Жалпылап айтканда, кыргызстандыктар үч тандоо жасап, кайсы талапкерди шайлаганын көрүп-билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жогорку кеңештин депутаттарын шайлоо ушул жекшемби, 28-ноябрда, өтөт. Партиялык тизме менен 54, бир мандаттуу округдан келгендерге 36 мандат берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн