Бугу 05, 2024
Убакыт: 05:30
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Шайлоо мыйзамын бузуу боюнча ИИМ 73 фактыны каттады

11.11.2021 12:06
374
Шайлоо мыйзамын бузуу боюнча ИИМ 73 фактыны каттады

 Парламенттик шайлоого даярдануу жана өткөрүү учурунда коомдук тартипти камсыздоого багытталган чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү учурунда Ички иштер министрлиги жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларын жүргүзүүдө. ИИМдин мерчемине ылайык шайлоого даярдануу жана өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн ИИОнун күч-каражаттары эсептелип чыкты. 


Ошондой эле, ИИМ жарандардын арасында коомдук тынчсыздандырууга алып келген жалган маалыматтарды тараткандарды аныктоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына, социалдык тармактарга жана телерадио жыштыгына мониторинг жүргүзүп жатат.


Ошону менен бирге, шайлоо комиссияларына жардам көрсөтүү максатында, жарандардын шайлоо укуктарын натыйжалуу коргоону камсыздоого багытталган шайлоо мыйзамдарын бузулушун алдын алуу жана бөгөт коюу иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 


2021-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо алдындагы үгүттөө иш-чаралары башталган жана ал 27-ноябрында аяктайт. Шайлоо алдындагы үгүттөө иш-чаралары башталган учурдан тартып 2021-жылдын 11-ноябрынын саат 08:00 убактысына карата шайлоо жол-жобосун бузган 73 факты катталган. 


Алардын ичинен 19 факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинде “Шайлоочуларды сатып алуу”, 182-беренесинде “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” жана 200-беренесинде “Уурдоо” көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган.


 Жогоруда көрсөтүлгөн мезгил аралыгында 17 факты Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренесинде “Майда бейбаштык”, 87-1-беренесинде “Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу”, 94-беренесинде “Бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу” жана 90-беренесинде “Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо” каралган жоруктардын белгилери менен катталган.

Мындан тышкары, ИИОнун маалыматтарды каттоо журналына ар кандай 37 материал катталган, анын ичинен 20 номенклатуралык иш көктөмүнө тиркелген, 7 аймактык шайлоо комиссиясына карап чыгууга жөнөтүлгөн, 7 сотко чейинки өндүрүш ишине коштурулган, дагы 3 материал каралууда.


Шайлоого даярданууда жана өткөрүүдө административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу фактылары Ош шаарында жана Ош облусунда катталган, ал эми Жалал-Абад жана Чүй облустарында ушул сыяктуу фактылар боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Аны менен катар, шайлоочуларды сатып алуу фактысы менен Чүй, Ош, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө. 


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, месенджерлердеги, социалдык тармактардагы чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат жана мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына - 102 телефон номуру аркылуу кабарлоону суранат. 

Ички иштер министрлиги саясий маселелерге катышпайт, бардык жарандарга жана партияларга бирдей мамиле кылат, кырдаалды туруксуздаштырууга жол бербейт, бирок укуктук тартиптин бузулушу боюнча фактылар орун ала турган болсо анда ал фактылар катталып, мыйзам чегинде коомдук тартипти бузгандарга чара көрөт.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн