Аяк оона 24, 2024
Убакыт: 01:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Шайлоо участкаларына пандустарды орнотуу иштери улантылууда

04.09.2020 18:19
990
Шайлоо участкаларына пандустарды орнотуу иштери улантылууда

Шайлоо участкаларына пандустарды орнотуу иштери улантылууда.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, эгер 2017-жылы шайлоо тилкелеринин 27%на гана пандустар орнотулса, ал эми ушул жылдын сентябрь айынын башталышына карата добуш берүү участкаларынын 65%ы ушул шайман менен жабдылды.

"Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарттарды түзүү үчүн тиешелүү жабдууларды орнотуу иштери улантылууда. Бул маселе өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта. 

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча, учурда Брайль тамгалары бар атайын тактачаларды жана жардам чакыруу баскычтарын орнотуу жумуштары жүрүп жатат. 

Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын материалдык-техникалык база, Интернет жана байланыш менен камсыз кылуу боюнча иштери күчөтүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн