Кулжа 26, 2024
Убакыт: 17:22
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Шайлоо участкаларынан сырткары 24 миңден ашык жаран добуш берди, - БШК

04.10.2020 12:25
799
Шайлоо участкаларынан сырткары 24 миңден ашык жаран добуш берди, - БШК

Шайлоо участкаларынан сырткары 24 миң 472 жаран 3-октябрь күнү мөөнөтүнөн мурда добуш берди. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы маалымдады.

Маалыматка караганда, шайлоо участкаларынан сырткары добуш берүү боюнча ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 29 миң 320 адамдан билдирме келип түшкөн.

Күн мурун, 3-октябрда 24 миң 472 адам добуш берген. Бул келип түшкөн билдирмелердин жалпы санынын 83,5 пайызын түзөт. 16,5 пайызы добуш бере элек. Алар бүгүн өз добуштарын берсе болот”, - деп айтылат маалыматта. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн