Ошентип үч шаардык кеңештин – Бишкек, Ош жана Токмок шаарлары боюнча кайрадан өтө турган шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Бишкек шаары боюнча бул ирет 18 партия ат салышуу алдында. Ал эми Ош шаардык кеңешине тогуз, Токмок шаардык кеңешине алты партия ат салышууда.
Бул ирет 11-апрелдеги шайлоонун жокко чыгышына себепкер болгон талапкерлер кайра шайлоого катышуу үчүн арыз беришкен жок. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди. «Күнөөлүү талапкерлер Бишкекте кайра шайлоого өздөрү эле катышкан жок. Соттун же укук коргоо органдарынын чечими болбогондон кийин биз алардын аттарын атаган жокпуз. Бирок алардын аттары жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылып жүргөндүктөн, шайлоого катышууга арыз беришкен эмес», - деди ал.
Ош шаардык кеңешинин шайлоосуна дагы мурунку шайлоодо мыйзам бузган 14 талапкер тизмеден чыгарылганын Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кушубак Ныязбеков маалымат каражаттарына билдирди. Бүгүн ошол 11-апрелде шайлоо мыйзамдарын бузган талапкерлердин аты-жндөрү ачык айтыла турганы айтылды.
Демек, 11-апрелдеги жокко чыгарылган шайлоо бир катар саясий партияларга жана шайлоо мыйзамдарын бузган талапкерлерге чоң сабак болуп калды өңдөнөт. Эми ошол эле талапкерлердин күздөгү парламенттик шайлоого башка партиялардын тизмеси менен катышуу аракеттерин да алдын алуу зарылчылыгы бар. Себеби, шайлоо мыйзамдарын одоно бузгандыгы аныкталган талапкерлерди жок эле дегенди беш жылга чейин кайра шайлоого катышуу укугун чектөө зарыл.
Ал эми үгүт өнөктүгү да шайлоо мыйзамдарынын алкагында гана өткөнү маанилүү. Бири-бирин каралоо жолу менен эмес, шаарды өнүктүрүү жаатындагы реалдуу программаларын шаар тургундарына кеңири жеткирүү, түшүндүрүүнү колго алуу зарыл. Мурдагыдай квартал башчыларын, көчө башчыларын пайдаланып, ар бир добушка 1000-2000 сомдон убада кылуу жолу эми өткөн чак болууга тийиш. Себеби, азыр техниканын өнүккөн заманында эч нерсени жаап-жашырууга мүмкүн эмес. Ошол эле убакта добушту акчага сатуу да жакшы жөрөлгө эмес экенин шайлоочулар жакшы түшүндү.
Ырас, «Мен эч кимисине ишене албай турам» деген да шайлоочулар бар. Мындай көз караштын жаралышынын да жөнү бар. Шайлоолордун алдында тазалык, акыйкаттык, бакубат жашоо, жеңилдетилген кредиттер, жумушчу орундар, гүлдөгөн шаар сыяктуу түрдүү убадалар айтылып, бирок иш жүзүндө анын баары сөз боюнча гана калып жатканы бардык талапкерге же партияга ишенимдин жок болушун да камсыздап коюуда. Бирок, андай үмүтсүздүктөн эч кандай пайда жок. Топ партиялардын ичинен баары бир элге жакыныраагы, эл турмушун оңдоону көздөгөндөрү болот. Болгону акчага гана алданып калбоо маанилүү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн