Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 09:07
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон 8 партия соттун чечимине карабай ачкачылык жарыялайт

14.04.2021 12:27
1354
Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон 8 партия соттун чечимине карабай ачкачылык жарыялайт

Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна ат салышып 7 пайыздык чектен өтпөй калган партиялар чатыр отургузуп, ачкачылык жарыяларын билдиришкен. Буга байланыштуу Свердлов райондук соту партияларга чатыр отургузууга жана ачкачылык жарыялоого тыюу салган өкүм чыгарган. Бул тууралуу Исхак Масалиев билдирген. 


Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон тараптар  3 күндөн бери БШКнын имаратынын алдында нааразылык акцияларын өткөрүп жатышат. Партиялардын билдиришинче, алар соттун чечими болгонун карабастан ачкачылык жарыялайт. Алардын негизги талабы 11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жана кайрадан шайлоо өткөрүү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн