Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Шайлообек Атазов бүгүн, 28-февралда митингге чыкты. Бул тууралуу журналист Семетей Аманбеков билдирди.
Шайлообек Атазов шайлоо таза өткөнүн билдирген. Бирок ал жыйынтык менен макул эместигин айткан.
"Биздин атаандаштардын жакындары акча таратып, добуш сатып алды. Биз ИИМден добуш сатып алуу боюнча жыйынтыкты талап кылабыз. Биз бул шайлоодо таза жеңишке жеттик",- деди Шайлообек Атазов.
Белгилей кетсек, кечээ өткөн кайра шайлоодо Свердлов шайлоо округунан Атазов экинчи орунду алып калган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн