Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 20:03
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Шайлообек Атазов шайлоонун жыйынтыгына нааразы. Ал сотко кайрылат

29.11.2021 10:38
1411
Шайлообек Атазов шайлоонун жыйынтыгына нааразы. Ал сотко кайрылат

Төлөйкөн шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдан талапкер Шайлообек Атазов сотко кайрыларын билдирди. Бул тууралуу ал  социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Анын айтымында, Төлөйкөн шайлоо округунда шайлоо мыйзам бузулуулар менен өттү.


"Биз сотко беребиз!


Урматтуу калайык калкым! Кымбаттуу шайлоочулар! Кечээ күнү өткөн шайлоодо мага добуш берген ар бириңиздерге терең таазим кылам. Сиздер мени таза ниет, аруу сезим менен шайладыңыздар. Келечектен үмүт кылдыңыздар. Бирок,   Төлөйкөн #8 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо одоно мыйзам бузуулар, ыплас технологиялар менен өттү. Бул боюнча бизде тиешелүү видео, аудио  фактылар бар. Элибиздин аруу тилектерин тебелешти! Мага добуш берген 17 миңге чукул  карапайым элимдин ар бир добушу үчүн күрөшөм! Акчасына чиренген, көзүн май баскан талапкерлер президентибиздин таза шайлоо болсун деген жарлыгын, элибиздин аруу тилегин эске алышкан жок! Түнү менен мага телефон чалган шайлоочуларым сабыр кылып туруңуздар! Биз мыйзам чегинде күрөшөбүз!",- деп билдирүү калтырган депутат.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Касымалы Соорбеков Соорбекович
Мен сиздинпикиринизди эн туура деп ойлойм бизге сизге окшогон азаматтар керек ишинизге ийгилик