Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 16:46
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Шайлообек Дүйшеевден "Реквиемдин" кыргызчасы

15.03.2021 14:09
1799
Шайлообек Дүйшеевден "Реквиемдин" кыргызчасы


Бул видеодо «Реквиемдин» үзүндүсүн сунуш кылабыз.
ЫРАКМАТ!
Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев Анна Ахматованын “Реквием” поэмасын кыргызчага которуп бүткѳнүн угуп, аябай сүйүнүп олтурам. Бул иш улуу акындын белгилүү саптарын которуудан башталып, анан киришкен ишин аягына чыкмайын жаны тынбаган дулдул Шакем татаал чыгарманы баса олтуруп которуп салды. Билгенге бул пил кѳтѳргүс опол тоо эмгек. Анна Ахматованын акындык ѳнѳрүнүн Кан-Теңир чокусундай алыстан кѳрүнүп турган, жаралашы кечээки тарых—акындын совет кезиндеги татаал, трагедиялуу турмушунан сызылып чыккан, жеке кайгы-касиретин доордун добушуна айлантып, кѳп катмарлуу, кѳп маанилүү, окуган адамдын ой-сезимин зылдай басып, ѳткѳндү, учурду, келечекти кенен ойлонтуп салган чыгарма жаратып салган. Акындын кайгысы, трагедиясы аягында келип замандын ыйы, доордун азабы катары чыгат. Шакем ушул 196 саптын ичине камтылган татаал ойлорго чүмкүп, ар бир сѳздүн түбүнѳ түнѳп, анда айтылгандарды ѳзүнѳ жакын кабыл алып, “Реквиемге” күйүп-бышып, эмнеликтен адамдар бирин бири жок кылып, бирин бири кыйнап, канбайрамды салышат суроосуна башын оорутуп, кыйлага чүнчүдү. Кандайынан келгенде да кыргыз тилинин мындай улуу классикаларга “тиши” ѳтпѳйт, мындайларга алы жетпейт деп бышкырык аткандарды таза мыш кылып, “Реквиемдин” кыргыз кыртышына ѳнүп, эне тилибизде эркин сүйлѳп чыгышына опсуз мээнет сарптаган Шайлообек акынга ыракмат!
Бекташ Шамшиев,
филология илимдеринин кандидаты
Анна АХМАТОВА
РЕКВИЕМ
1935—1940
Оронбодум алтын, күмүш, шайыга,
Оор кезеңде ооздук менен суу ичтим.
Элим менен бирге болдум дайыма,
Эл уу ичсе мен да кошо уу ичтим.
1961
КИРИШ СѲЗ ОРДУНА
Ежовщинанын каардуу жылдарында мен он жети ай бою Ленинграддын түрмѳлѳрүндѳ кезекте тургам. Ошондой күндѳрдүн биринде кимдир бирѳѳ мени бүшүркѳп тааныды. Арт жагымда турган, ээриндери кѳгѳрүп чыккан аял, албетте менин атымды ѳмүрүндѳ укпаса дагы, уйкудан ойгонуп кеткенсип серпилди да кулагыма акырын шыбырап (ал кезде баары эле шыбырап сүйлѳп калышкан):
-А сиз ушуларды жаза аласызбы?-деп сурады.
Мен:
-Жаза алам,-дедим.
Ошондо, ал аялдын, ага дейре такыр эле күлкү жолобой качып калган жүзүндѳкжылмаюуга окшогон бир нерсе пайда боло түштү.
1957-жыл, 1-апрель.
Ленинград.
АРНОО
О, кудай-ай, мындай тозок кайда бар?
Бул азаптан тоо бүктѳлүп, токтоп калды дайралар.
Түрмѳлѳрдүн бирок бекем эшиги,
А аржактан тиктейт кѳрдүн тешиги.
Ким бирѳѳнүн шамал сылап жүзүнѳн,
Ким бирѳѳнүн түгѳнүүдѳ кешиги.
Биз баарыбыз тагдырлашпыз, азган-тозгон арыган,
Солдаттардын зыл ташындай кадамы,
Каалгалардын кайчылдаган үнү ачкыч кажыган.
Кутпа жайлар кѳркоолукка кѳнүккѳн,
Кудурет да, Кудай дагы жѳнүккѳн.
Купкуу болгон шаардын илкип карааны
Аттап жылат жансыз жаткан ѳлүктѳн.
Күн чүмкѳнүп, Нева туман, думугат,
Курган үмүт ѳчпѳйт дале кѳңүлдѳн.
Ѳкүм… Дароо кѳз жаш куюлат,
Түрмѳдѳн да, дүйнѳдѳн да бѳлүнгѳн.
Бүт жашоону жүрѳктѳрдѳн суургандай,
Таштандыга таштаганы тургандай,
Келет араң… Эптеп бузбай ыргагын,
Кайда менин курбуларым, курганым,
Кайда менин жинди болгон жылдарым?
Не болду экен ызгаарында Сибирдин,
Айды тыткан бороонунда иңирдин,
«Кошкула!» деп айткан соңку сѳздѳрүм,
Колуңарга тийер экен кимиңдин?
Март 1940.
КИРИШҮҮ
Болгон, болгон, кандын жыты малаңдап,
Ленинградда, түрмѳлѳрдүн ичинде.
Дарга асуучу жип-шуулары салаңдап,
Ѳлүктѳрдүн куунап-жыргап жүзүндѳ.
Соолор такыр акыл-эстен айныган,
Соттолгону солбуп келип токтогон.
Коштошуунун чолок ырын каңгыган,
Паровоздун кыйкырыгы коштогон.
Так тѳбѳмдѳ ажал турган жымыңдап,
Эч айыпсыз ѳчүп Русь, ѳчүп Күн,
Эч айыпсыз тепселүүдө кайгым да
Канды кечкен таманында ѳтүктүн,
Ыйды кечкен дѳңгѳлѳктүн алдында.
I
Апкетишти үйдѳн сени таңга жуук,
Таштандыны апкеткендей андагы.
Караңгыда балдар кѳзүн канга жууп,
Калч-калч этип колдон түштү шам дагы.
Унутулбайт! Унутулбайт эч качан!
Чекеңдеги муздак тери ажалдын,
Эрдиңдеги сууктун ызгаар илеби.
Жалгыз уулу, жан эринен ажырап,
Жолун тосуп асмандагы Кудайдын,
Кремлди тиктеп алып улуп турган аялдардын иреңи.
1935. Күз. Москва
II
Агат жымжырт Тынч Дон күндѳгү,
Ай сапсары биздин үйдѳгү.
Шапкеси шаңсыз кыйшайган,
Шайы кетип, алсыз кыйкайган.
Сары санаа жеген, соолуткан,
Ушул аял жалгыз, оорукчан.
Эри кѳрдѳ, уулу түрмѳдѳ,
Эч жан жоктур мындай дүйнѳдѳ.
Маңги кылган маңыз түн күбѳ,
Мага дуба кыла жүргүлѳ.
III
Жок, мен эмес, андан алысмын,
Мен антелбайм, айтпа аларды.
Чүпүрѳктѳп, чүмкѳп салышсын,
Апкетишсин Түндү, Фонарды.
IY
Энчилеткен эмес эч бирин,
Эркеси эле үйдүн, короонун.
Царскселолук шайыр селкинин
Ким билиптир мындай болорун—
Киргизалбай тамак-ашыңды,
Кресттеги ыйлуу катыңды.
Жаңы жылдын тѳктүң музуна
Кѳзүңдѳгү ысык жашыңды.
Түрмѳлѳрдѳ улам жыгылып,
Түнү бою ажал кыдырып.
Үнсүз-сѳзсүз, кылдай күнѳѳсүз,
Канча ѳмүрлѳр жатты кыйылып…
1938
Y
Он жети ай мени сенделттиң,
Оорумсуң, оюм, санаамсың.
Бутун да ѳптүм желдеттин,
Баламсың балам, балаамсың.
Түрүүлѳй басты жин-арам,
Түйүнүн турам чечелбай.
Кимиси жырткыч, ким адам,
Ѳлүмдү күттүм кетелбай.
Чиркѳѳдѳн чыккан үндѳрдүн,
Түтүндүү изи түндѳрдүн
Кайдадыр каңгып агылат.
Карегин менден албастан,
Жакында болчу кырсыктын
Жылдызы кѳзгѳ чагылат.
1939
YI
Апталар жеңил ѳтүүдѳ.
Түшүнбѳйм, эмне болгонун,
Түрмѳдѳ, сенде-- ойлорум.
Агыш түн дагы кириптир,
Акырын басып жүрүптүр.
Шумкардын оттуу кѳзүнѳн,
Ѳзүңдү кѳрүп каралдым,
Ѳлүмдү уктум сѳзүнѳн.
1939. Жаз
YII
ѲКҮМ
Кулагым угар сѳз эле,
Антээрин билгем булардын.
Кулады таштай ѳзү эле,
Мен бейбак дагы чыдармын.
Ансыз да ишим чачтан кѳп,
Ак уруп азап тартпайын.
Жалаасын камдап жаткан кѳп,
Жашоомду кайра баштайын.
Чын эле... Күздүн табыбы,
Ээлентти кѳңүл кушумду.
Ээн үйдѳ Күндүн жарыгы,
Мен күткѳн майрам ушулбу?
1939. Күз. Фонтандуу Үй.
YIII
ѲЛҮМГѲ
Сен баары бир келмек элең—неге бүгүн кечиктиң?
Айтчы күткѳн оңой бекен ѳлүмдү?
Шамды ѳчүрүп, ачып койдум эшикти,
Келиш сага кеп эмес го кенедей,
Кандай келсең дал ошондой кенебей,
Жардырып кел снарядың ууланган,
Же баш кесер бандит болуп келе бер,
Же жомок бол каалагандай кууланган--
Жанды оозума тиштеп жатып ѳлѳйүн,
Сандалдагы саман ѳңү саргарган,
Саткындардын кебетесин кѳрѳйүн.
Маган эми баары бир,
Түндүк Уюл жылдызынын жарыгы,
Енисейдин селдеп-ташып акканы.
Ашыктардын арзуусунун жалыны,
Ажал келип каректерин жапканы.
19-август 1939.
Фонтандуу Үй
IX
Акылды каптап тунарык,
Жанымдын жармы бѳгѳлдү.
Шарапка тынбай сугарып,
Мас кылып жатты ѳрѳѳндү.
Түшүнүп турам мен аган,
Жеңилип бериш керегин.
Ѳзүмдү угам деле анан,
Башкага келет жѳнѳгүм.
Толтургум келип кемтемди,
Жалбартсам дагы кѳзүмдү.
Алдыртпай эч бир нерсемди,
Апкетти жалгыз ѳзүмдү.
Азаптан жаны таш болгон,
Уулумдун кѳзү каар элес.
Добул да эмес, жаан эмес,
Жолуга турган маал эмес.
X
БАТАЛГА
Мене, Мати,...........................
....................................................
1
Периштелер куунап-жыргайт, кубанат,
Асманды отко жагып жатат будалап.
Аласалып, аяк-башы кѳрүнбѳй,
Алай-дүлѳй, акыр заман, кыямат.
2
Крест дагы, Ай да Жиндин күчүндѳ,
Чиркѳѳлѳр да, Мечиттер да түтүндѳ.
Жер жалындап, ээрип, түгѳп, аз-аздан
Жексен болуп бара жатты бүтүндѳй.
ЭПИЛОГ
1
Ѳмүр кѳрдүм күлдѳй күбүп, тагдыр айдап экчелген,
Үрѳй учкан коркунучту шыбырашкан кептерден.
Клинопистин барактарын таш чополуу дептерден,
Кыйноолордун бырыштарын азап тарткан беттерден.
Кышка жетпей кыроо баскан кара-күрѳң чачтардан,
Маркумдардын эрининен ѳлѳрүндѳ жылмайып,
Күлгѳндѳн да коркуп жатып кургаарына аз калган.
Дуба кылдым жалгыз эле ѳзүмѳ эмес, дагы да,
Мени менен күнү бою тургандардын баарына.
Бурганактуу аязда да, жайдын кайнак күнүндѳ,
Түрмѳлѳрдүн кызгылт, дүлѳй дубалынын түбүндѳ.
2
Кирип келди аза күтүү сааты санап биерди,
Кѳрүп турам, угуп турам, сезип турам силерди:
Калт-калт этип терезеге араң жеткен сени да,
Кара жерге кепини жок жалаң кеткен сени да,
Сени дагы, күч-кубатты берсе экен деп түрүңѳ,
Айттым эле: “Күндѳ келем, келген ѳңдүү үйүмѳ!”
Баарыңарды атайт элем атыңардан кез келген,
Жок кылыптыр тизмеңерди, табалбадым эч жерден.
Шейит кеткен баарыңарга берсин орун жаннаттан,
Кудай эми тѳрүңѳрдү бейиш кылсын ал жактан.
Мен силерди эстейм дайым, ѳлүм мени жеңсе да,
Мен силерди унутпаймын, тозок кайра келсе да.
Сѳзсүз менин оозумду жаап, сүйлѳтүшпѳйт, тыйышат,
Так ошондо жүз миллион эл кыйкырып чыгышат.
Алар дагы башкалардай мени дагы эстешсин,
Келген адам ѳлгѳн күнү бүгүн тура деп кетсин.
Качандыр бир бул ѳлкѳдѳ ким бирѳѳлѳр эскерип,
Койсокпу деп ойлонушар мага балким эстелик.
Коло менен тургузчулар же чекчүлѳр таш менен,
Макулдугум берет элем мына мындай шарт менен:
Койбогула, мен тѳрѳлгѳн, кѳк деңиздин жанына:
Кол үзгѳмүн мен деңизден, кѳргѳзбѳгүн аны маа.
Дагы болбойт сейил курган бакка алпарып бѳлѳсѳң,
Мени ал жерден таппай жүрѳт издеп курган кѳлѳкѳм.
А мында мен үч жүз сааттап шордуулардын кешигин,
Алып келип күткѳндѳ да ачкан эмес бирѳѳ чыгып эшигин.
Коркушсун деп кыйноолордон жаны оозуна кѳрүнгѳн,
Коркушсун деп колдоруна колгап кийген ѳлүмдѳн.
Унутсун деп, каны жерге агып жаткан жемпирдин,
Ок жаңылган жырткычка окшоп улуганын кемпирдин.
Мейли анда, кылымдарга кыймылдабас коло эстелик ѳң берсин,
Карлар эрип аккан кези аялдардын аккан жашы ѳңдѳнсүн.
Түрмѳлѳрдѳн учуп чыксын кѳгүчкѳндѳр алыстай,
Нева менен сүзүп жүрсүн кеме, тыптынч, камыкпай.
1940, март
Фонтандуу Үй
Кыргызчага которгон Шайлообек Дүйшеев,
14-октябрь, 2019-жыл,
Таш-Дѳбѳ айылы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн