Парламенттик шайлоо жакындап келатканы көптөгөн кыргызстандыктарды кайрадан күдүк ой басып турат: «Кандай парламент келет?» деген. Азыркыдан да аксаган парламент келсе эмне болобуз? Актуалдуу маселени «пунктуалдууга» айланткан, иштин көзүн билбеген, «кыйшык», «семиз» жана «түйүлчөөктөрдөн» гана куралган парламент маңдайыбызга кайталанып жазылып калсачы?
«Өсөөр эл өзүн сыйлайт» деген кеп бар. Жаманыбызды жашырып, жакшыбызды ашырып эле айтып турсак деген ниет бар. Бирок, анда «ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт» деген кепти жокко чыгарган болуп калбайлыбы.
Азыркы тапта Кыргызстан өзүнүн жаңы тарыхында өтө терең ойлоно турган кырдаалда турат. Эки президент «качкын» аталды. Бирөөсү темир тор артында. 1,5 жылдык өткөөл мезгилдин президенти гана экс-президент статусун алып жүрөт. Эгемендик алганыбызга отуз жыл толо электе эле отуздан ашуун премьер-министрлүү болдук. Учурда эки экс-премьер да коррупция беренеси менен камакта. 1990-жылдардын башында легендарлуу парламентте алдыңкы интеллигенция өкүлдөрү отурган болсо, азыр парламентте базарчылар, коммерсанттар, спортчулар (бул маданияттуу түрдө айтканда, болбосо кылмыштуу топторго мурда катыштыгы барлар) отурат. Куудулдар депутаттардын айткан-дегендерин кайталап айтып эле оокат кылып калышты. Даяр сатира. Ошол эле убакта өлкө келечегине ишене албаган жаштар чет өлкөлөрдөн бактыларын издеп жүрүшөт. Миллиондогон мекендештер мигрант.
Ошентип эч кандай согушу жок эле биз мамлекетибизди бүгүнкүдөй абалга алып келдик. СССРден жаңыдан бөлүнгөн кезде республикабызда колхоз-совхоздор, завод-фабрикалар жана билимдүү, маданияттуу кадрлар бар эле. Биз ири держава үйлөнтүп-жайлантып, баардык шартты түзүп, «Эми өз алдыңча оокатыңды жаса» деп бөлүп койгон баласындай болдук. Эптеп кете албай жатканыбызды ойлосок кабырга кайышат.
Эмнеге биз 30 жылга чукул убакытта өнүгүүнүн ордуна бардык тармакты очорулткан абалга алып келдик. Билим берүү, медицина, айыл чарба, транспорт, деги эле бардык тармактарда аркага кетүүлөр. Билим берүү системабыз «жамаачы» болуп калганын бүгүнкү парламент депутаттары (албетте баары эмес) көрсөтүп жатат. Медицина тармагынын абалы кандай экенин COVID-19 пандемиясы эске салды. Айыл чарба министрлиги деген таптакыр иштин көзүн көрө албай жатканын бир жылы дыйкандардын картошкасы чирисе, бир жылы капустасы таштандыга төгүлүп жатканы далилдеп жатат. Транспорт министрлигинин ишмердүүлүгүн күзгүсү – жапжаңы курулган жолдордун бир жылга жетпей жамаачылана баштаганы болуп турат.
Коррупцияга каршы күрөшүбүз – мурункуларды кийинкиси келип камоо деген сыяктуу түшүнүк болуп калды. Бул жакшы эмес көрүнүш.
29 жылда биз эмнеге жетиштик? Макаланын башында айткандай, эки качкын, бир камактагы мурунку президенттүү болдук. Өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп келаткан олигархтарыбыз пайда болду. Айлыгы 30-40 миң сомдук чиновниктерибиздин короосунда 50-60 миң долларлык (айрымдарыныкы 100 миң доллардан ашат) жолтандабастар токтоп турат. Жашаган үйлөрү айлык акы менен курулса жарык дүйнөгө беш жолу кайра жаралсаң да кура албай тургандай үйлөр. Ал эми карапайым элдин жашоосу – күнүнкүсүн күнүгө табуу. Өткөндөгү өзгөчө абал режиминде үйгө камалгандардын көпчүлүгү ушундай абалда жашагандар болгондуктан, ачка калгандар арбын эле болду.
Буга ким күнөөлүү? Бир же бир нече адамды күнөөлөй албайбыз. Бизден ушул күнгө чейин улуттун камын ойлогон, улуттук кызыкчылыкты, мамлекеттик бакубатчылыкты биринчи орунга койгон лидер чыкпай келатат. Өзүбүздүн Дэн Сяопин, Ататүркүбүз жок. Кыязы, 1937-жылдагы репрессия кыргыздын чыгаандарын дээрлик бир кылымга чейин чыкпай тургандай кырып салган окшойт. Бул эми айла кеткендеги айтылган кеп.
Мамлекетибиздин бүгүнкүдөй абалга кептелгенине биз баарыбыз күнөөлүүбүз. Буга чейин иштеп кеткен мурунку президенттер, премьерлер, депутаттар гана күнөөлүү дегенибиз акыйкат болбойт. Себеби, ошолорду биз өзүбүз шайлаганбыз, же биз шайлаган адамдар тандаган. Өзүбүздүн тандообуз болгон десек жарашат. Арзыбаган акчага, же куру убадага алданганбыз. Демек, орой айтканда ар кандай шайлоодо акчага сатып алуу менен шайлоочуларды «сойкуга» айландырышкан. Ага мажбурлашкан жок, жөн гана акчанын учун көрсөтүшкөндө шайлоочулар өз эрктери менен макул болуп келишти.
Ошондо шайлоочу өзү акчага сатылган «сойку» болуп жатса, анда шайлануучудан эмнени талап кыла алат? Талап кыла турган 1000-2000 сомун алып койгон да.
Мухаммед пайгамбардын «Ар бир коомдун өзүнүн абийири болуп бере ала турган адамдары болот» деп айтканы бар. Андай адамдар бизде дагы болсо керек. Эми ошолорго издөө сала турган учур келди. Бизге андай адамдар шайлоочу болууга да, шайлануучу болууга да керек. Ар бирибиздин жеке абийирибизди ойготуп, урпактарыбыздын алдында башыбыз шылкыйып турбашы үчүн алдыдагы парламенттик шайлоодо саясий «сойкулукка» биротоло чекит коюшубуз керек.
Ачуу сөз гана чучукка жетет. Эгер шайлоочу «сойку» болсо, шайлануучу «кардар» аны беш жыл бою кандай кылса өзү билет.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн