Шайлоо маалында коомдук тартипти сактоого 9 миңден ашык элдик кошуун тартылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.
Анын айтымында, өлкө аймагындагы 2 миң 426 шайлоо тилкелерине 5 миң 400дөн ашык милиция кызматкери бекитилди.
"Шайлоо учурунда коомдук тартипти көзөмөлдөөгө 11 миңден ашык милиция кызматкери тартылды. Башка ведомстволордун 2 миң 100 кызматкери да иш алып барат. Ошондой эле 9 миңден ашык элдик кошуун милиция кызматкерлерине көмөктөшөт", - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн