Бугу 12, 2024
Убакыт: 05:12
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Шайлоодон кийин төңкөрүш кылабыз деген күчтөр чогулуп жатат, - Турсунбек Акун

02.09.2020 16:50
4366
Шайлоодон кийин төңкөрүш кылабыз деген күчтөр чогулуп жатат, - Турсунбек Акун


Шайлоого аттанган саясий партияларда саясий атаандаштык болушу керек. Бул тууралуу укук коргоочу Турсунбек Акун "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. 


Анын айтымында, учурда 3-4 саясий партия өзүнүн гана кызыкчылыгын көздөп, "Кыргызстан" сыяктуу саясий партияларды жарыштан чыгарып коюуну көздөп жатышат. 


"БШКга барып, басым кылуу бул саясий партиялардын өкүлдөрүнүн иши эмес. БШКда дагы комиссия бар. Алар өз ишин аткарып, көзөмөдөп жатышат. Имараттын ичине кирип алып, пикет кылуу дагы басым көрсөтүүгө жатат. Мындан улам БШК партияга документтерин өткөрүп берүүгө мажбур болду. 


Экинчи жагынан "Кыргызстан" партиясы дагы сотко кайрылып, басым кылуу жолу менен ишти утуп алышты. Соттун имаратынын алдына 300-400 кишини чогултуп, митинг кылуу дагы сотко болгон басым болуп эсептелинет. Эки тараптан дагы катачылык кетип жатат. 


Мындан улам 4-октябрда парламенттик шайлоо бүткөндөн кийин, "Беларуста болуп жаткандай төңкөрүш кылабыз, баарын кетиребиз" деген күчтөр биригип жатат. Мындай жол менен алар өлкөнү тополоңго алып бара жатышат", - деди Турсунбек Акун. 


Пикирлер (5)

Коопсуздук коду
Турду Акматалиев
Кызматка жеткенче тополончунун башчысы сен эмес белең, эми тополоңду жаман көрүп калдыңбы? Акыйкат жок жерде дайыма тополоң ызы-чуу болуп өнүгүү болбойт. Сен өлгөн куу түлкү экенсиң, эми жоош-момун боло калганын кара.
Талайбек 813
Эч кандай төңкөрүшкө жол жок!
Саке
Тонкоруш кылбай эч Ким.Ар нерсени доорубочу байке.
Жамалдин
Елге тынчтык керек
Шибеге
Турсунбек ойлонуп сүйлө элдин үрөйүн учурбай