Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 15:26
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Шайлоого аттанган партиялар саясий маданияты төмөн экенин көрсөттү, - талдоочу К.Ормушев

02.09.2020 17:41
971
Шайлоого аттанган партиялар саясий маданияты төмөн экенин көрсөттү, - талдоочу К.Ормушев


Шайлоого аттанган партиялардын саясий маданиятын төмөн экенин көрдүк. Мындай пикирин саясий маселелер боюнча талдоочу Калнур Ормушев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. 


Анын айтымында, "Кыргызстан" партиясы менен БШКнын ортосундагы чыр эки тараптын профессионалдык деңгээли кандай экенин көрсөттү. 


"Кыргызстан" партиясынын күчү 4-октябрдагы шайлоодо билинет. Ал эми профессионалдык деңгээли кандай экенин БШКга өз убагында документтерин алып келбегени менен көрсөтүп койду. Бул партиянын менеждменти, уюштуруучулук жагы алсыз экенинен кабар берет.


Ар бир партия өзүнүн ишин мыкты аткарышы керек эле.  Кечээ аянтка чыккан партиялардын саясий маданияты төмөн экенин көрдүк. Ошондой эле, тилекке каршы БШКнын өкүлдөрүнүн профессионалдык деңгээли талаптарга жооп бербегенине дагы күбө болдук", - деди Калнур Ормушев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн